Исаев спикерликтен кетсе, Жапаров президенттикке талапкер боло албайт, — Бекешев

Исаев спикерликтен кетсе, Жапаров президенттикке талапкер боло албайт, — Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жол-жобосун түшүндүрүп берди. Анын айтымында, эгер ушул аптада парламенттин жыйыны болбосо, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун күнүн өз алдынча белгилөөгө укуктуу.

«Президент Сооронбай Жээнбеков кысым астында кызматтан кетүү тууралуу арызга кол койду. Эми президенттик шайлоо бир жуманын ичинде жарыяланууга тийиш. Бирок Конституцияда кызматтан кетүү жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде шайлоо өткөрүлүшү керек деп жазылган. Эгерде парламент ушул аптада чогула албаса, БШК президенттик шайлоонун күнүн өз алдынча белгилөөгө укуктуу. Андан кийин шайлоо өнөктүгүнүн шарттары төрттөн бирине кыскарат. Эгерде спикер Канат Исаев дагы кызматтан кетсе, анда милдетин аткаруучу Садыр Жапаров президент болот, бирок ошондо ал өзүн мамлекет башчылыгына көрсөтө албайт. Эгер Жапаров президент болгусу келсе, анда ал үчүн Канат Исаевдин спикер бойдон калганы пайдалуу», — деди Бекешев.

Ошондой эле, ал VI чакырылыштагы депутаттардын иштөө мөөнөтү март айына чейин созулушу мүмкүн экендигин билдирди.

«Эгерде бизде президенттик шайлоо болсо, 6-чакырылыштагы парламент белгиленген мөөнөттөн узак иштейт. Конституцияда парламент жаңы парламент ант бергенге чейин беш жыл иштейт деп айтылат, демек, VI чакырылыштын депутаттары 2021-жылдын февраль-март айларына чейин иштешет. Президенттик шайлоодон кийин парламенттик шайлоо жарыяланышы мүмкүн. Азыр кырдаал өтө оор: коронавирус, Республикалык бюджеттин тартыштыгы, шайлоого акча жок», — деди эл өкүлү учурдагы кырдаалга комментарий берип.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>