Жапаровдун тарапташтары тарабай жатат — сүрөт

Жапаровдун тарапташтары тарабай жатат — сүрөт

Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары эми Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып жатат. Алар ошондой эле Соооронбай Жээнбеков отставкасын видеокайрылуу аркылуу билдирмейинче анын кызматтан кеткени тууралуу маалыматтарга ишенбей турганын айтышууда: 

«Алар эгемендик алгандан бери 30 жыл алдаган, дагы алдап кетет, «кызматтан кеттим» деп видео кайрылуу жасасын». «Төрага Канат Исаев да кызматтан кетсин. Болбосо, күч менен кетиребиз». «120 депутат да тарасын, эски бийликти тааныбайбыз». «Биздин президент Садыр Жапаров», деген чакырыктар айтылууда.

Жеринде жүргөн кабарчыбыздын билдиришинче, саат 18:00дө митингчилерге өкмөт башчы Садыр Жапаровдун чыгып сөз сүйлөөсү күтүлүүдө. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, нааразычылык акциясына жалпысынан 1000ге жакын киши катышууда. 

[su_image_carousel source=»media: 44611,44612″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>