Ишкерден кылмыш дүйнөсү үчүн $45 миң опузалагандар кармалды (видео)

Ишкерден кылмыш дүйнөсү үчүн $45 миң опузалагандар кармалды (видео)

Чүй облусунда ишкерден 45 миң доллар опузалаган 5 адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, сентябрь айында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Чүй облусунда белгисиз адамдар ишкерден 45 миң доллар опузалап жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, ишкерден акча опузалаган кишилер колунда бар адамдарды аныктап, алардан ай сайын ири суммадагы акчаны берип турууну талап кылып, андан сырткары кылмыш чөйрөсүнө көңүл бурбаганын айтышып, коркутуп келишкен.

Аталган фактыга байланыштуу  Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүүлөрдү Кара-Балта шаарынан опузалаган акчанын бир бөлүгүн — 165 миң сомду алып жаткан жеринен колго түшүргөн.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Кармалгандар:

  • Чүйдүн Панфилов районунун тургуну, 1993-жылы туулган Д.А..
  • Чүйдүн Панфилов районунун жашоочусу, 1985-жылы туулган Ж.М.
  • Чүй облусунун тургуну, Россиянын жараны, 1986-жылы туулган Т.Б.
  • Чүйдүн Панфилов районунун жашоочусу, 1994-жылы туулган О.М.
  • Чүйдүн Панфилов районунун тургуну, 1988-жылы туулган У.К.

Кылмыштуу топту кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Тергөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>