Ысык-Көлдө 24 жаштагы казак жараны дайынсыз болууда

Ысык-Көлдө 24 жаштагы казак жараны дайынсыз болууда

Ысык-Көл облусунда Казакстандын 24 жаштагы дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-сентябрда Ысык-Көл РИИБге Казакстандын Кордай айылынын 54 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 24 жаштагы уулу Астанаев Ислам Исраилжонович, ушул жылдын июнь айынында Чоң-Сары-Ой айылында орун алган «Гуд-Лайк» пансионатына иштегени кетип, ошол бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген.

Арыз райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн.

Териштирүү учурунда, И.Астанаев, чындап эле «Гуд-Лайк» пансионатынын аймагындагы кафелеринин биринде иштегени аныкталган.

Кафенин башчысынын айтымында, И.Астанаев кафеде «Адан» аттуу өзүнүн таанышы менен чогуу иштеп жүргөн. Июнь айынын аяк ченинде Ислам таанышын Аданды Бишкек шаарына чейин узатып койгонго суранып кетип, ошол мезгилден бери жумушка чыкпаганын маалымдаган.

Ысык-Көл РИИБи дайынсыз жоголгон Ислам Астанаевдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар адамдарды 102, (03943) 4-39-80, 0505233322 телефондору аркылуу райондук милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>