Япония Кыргызстанга 3,5 млн долларлык жол куруу техникасын берет2027-жылдан тарта Кыргызстанда инфляцияны ооздуктоо боюнча мамлекеттик программа иштей баштайтАчык аба ырайы жана +23°Cге чейин жылыйт: 20-октябрга карата аба ырайыСамаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулат
Ислам оюндарында кикбоксчу Азиз Бийхуров коло тагынды
18.08.2022 | 18:25
Ислам тилектештик оюндарында кыргызстандык кикбоксчу Азиз Бийхуров коло медаль тагынды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинен билдиришти.
Ал 57 килограмм салмакта таймашып, жарым финалда түркиялык мушкерге жеңилип калган. Жыйынтыгында коло медалга татыды.
Эскерте кетсек, Ислам тилектештик оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште Кыргызстандын спортчулары 8 алтын, 8 күмүш жана 14 коло ала алды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт