Коррупциялык схема түзгөн “Тазалыктын” кызматкери кармалды

Коррупциялык схема түзгөн “Тазалыктын” кызматкери кармалды

«Тазалык» муниципалдык ишканасында акча каражаттарын чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жооптуу адамдарынын ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды.

«Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ишкананын иш жүзүндө иштебеген же иштен бошотулган жана республиканын аймагынан тышкары жүргөн кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөө схемасы уюштурулгандыгы аныкталды. Чыгарылган акчалардын бардыгын схеманын уюштуруучулары жеке муктаждыктарына бөлүп алышкан. Кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулардын бири “Тазалык” ишканасынын кызматкери Ч.М. Ал мурдагы нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири, натыйжада ишкананын ишинин бузулушуна алып келген. Ч.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин Reporter.kg Бишкек шаарындагы таштанды маселеси жана «Тазалык» ишканасынын иши боюнча атайын репортаж жарыялаган. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Тазалык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>