Айыл чарба министрлигинде 722 млн сомдон ашык финансылык бузуулар аныкталдыБаш аламандыкка чакырык жасаганга шектелген жаран боюнча жаңы фактылар аныкталды — ИИМИран Каспий деңизиндеги кемеге жасалган сокку үчүн Киевге жооп кайтарарын эскерттиКараколдо айыл чарба багытындагы жерге мыйзамсыз курулган турак үй сүрдүрүлдү — кылмыш иши козголдуСоң-Көлдөн 6 чакырымдан ашык мыйзамсыз балык уулоочу тор табылдыПутин Орусияда мигранттардын жүрүү эрежелерин катаалдаштырган мыйзамдарга кол койду
Ислам тилектештик оюндары: Акжол Махмудов финалда
13.08.2022 | 17:27
Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) финалга чыкты.
Ал финалга чыгуу үчүн өзбекстандык спортчу менен күч сынашты. Беттештин биринчи бөлүгүндө Махмудов 0:5 эсебинде утулуп жатты. Бирок экинчи бөлүктө ал атаандашынан жеңишти сууруп кете алды.
Эскерте кетсек, грек-рим балбандарынан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) менен Амантур Исмаилов (67 кг) да финалга чыккан. Ал эми Атабек Азисбеков (87 кг) коло үчүн күрөшө турган болгон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт