Июнь окуясындагы башаламандыктарды уюштурууга шектүүлөр кармалды

Июнь окуясындагы башаламандыктарды уюштурууга шектүүлөр кармалды

2010-жылы июнь окуясында Жалал-Абад шаарында массалык башаламандыктарды уюштургандар жана алардын лидерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-ноябрда Сузак районунан Г.Т.У. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.

«Ал 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга активдүү чакырып, жолдорду тосууну, тосмолорду орнотууну, сепаратисттердин көзөмөлүндөгү аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган жөнөкөй жарандарга кол салууларды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлеринин бири болгон», — деп билдирет УКМК.

Андан тышкары дагы бир Р.А. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

«Ошондой эле, ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө  Р.А. аттуу жарандын сепаратисттик иштерге тиешеси бар экендиги жөнүндө маалыматтар табылган. Ал 2010-жылдагы июнь окуясында Сузак районундагы «Круговое» деп аталган жер тилкесине  жооптуу болгон», — деп айтылат маалыматта.

Р.А.нын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 6,5 мм калибрлүү SAKO TRG-22 снайпердик мылтыгы (дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атайын күчтөрдүн бөлүктөрүндө колдонулат) Prazise Jagen оптикасы жана Pulsar түнкү көрүү аппараты менен, SAUER 101 карабини (мылтык), 12 калибрлүү FABARM XLR жылмакай көздүү курал, ошондой эле алар үчүн 76 даана ок табылып алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин 2010-жылы июнь окуясында массалык башаламандыктарды уюштурган сепаратисттик топтордун лидерлери кармалганы кабарланган.

УКМК: Июнь окуясында сепаратисттерден качкан элге кол салгандар кармалды (видео)

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>