Июнда орточо ипотекалык чен 10,65% га төмөндөдү

Июнда орточо ипотекалык чен 10,65% га төмөндөдү

Июнь айында Кыргызстанда ипотеканын орточо ставкасы дээрлик 3 пайыздык пунктка, 13,5%дан 10,65%га төмөндөдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.

Пайыздык чендердин төмөндөшүнүн фонунда улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттердин көлөмү көбөйгөн. Июнь айында кыргызстандыктар 1 миллиард 199 миллион 497,6 миң сомго ипотекалык насыя алышкан. Бул бир ай мурдагыга караганда 2,3 эсеге көп.

Чет элдик валютадагы ипотекалык кредиттердин үстөк пайызы, тескерисинче, 10,51%га көтөрүлдү. Июнь айында чет элдик валютада жаңыдан берилген ипотекалык насыянын көлөмү 41 миллион 26 миң сомду түздү.

Жыл башынан бери коммерциялык банктар тарабынан 21 миллиард 754 миллион 458,2 миң сом ипотекалык насыя берилип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,7%га көп. Июнь айында алар боюнча жылдык мааниде орточо пайыздык чен 2013-жылдан бери байкалган ипотекалык баалардын узакка чейин төмөндөө тенденциясын улантуу менен 11,32%га чейин төмөндөдү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>