Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция. 27 жетекчи тартип жазасына тартылды

Саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция. 27 жетекчи тартип жазасына тартылды

2023-жылдын башынан бери коррупциялык көрүнүшкө даттанып Саламаттыкты сактоо министрлигине 7 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу мамлекеттик мекеменин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев  Жогорку Кеңештин укук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, арыздардын бешөөсү таксыкталган. Анын негизинде саламаттыкты сактоо мекемесинде иштеген 3 кызматкер өз калоосу менен жумуштан кетти. Эки факты боюнча маалыматтар укук коргоо органдарына берилди. Анын бирөө боюнча иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

“Саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилерине карата 9 кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында 2 иш прокуратурага берилди. 27 жетекчи тартип жазасына тартылды”, — дейт Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр  оорукана жана башка медициналык мекемелерде коррупцияга жол бербөө аракетинде санариптештирүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>