Качкын Данияр Үсөнов Түркиядан уулун үйлөнттү (ФОТО)

Качкын Данияр Үсөнов Түркиядан уулун үйлөнттү (ФОТО)

Экс-премьер министр Данияр Үсөнов уулун Түркиядан үйлөнттү. Бул туурасында “Багыт.kg” жазды.

Басылманын билдирүүсүнө караганда бул маалыматты тойлорго катышкан жарандар билдирген.

Ал маалыматта айтылгандай,  Түркиядагы “Чыраган Сарай” аттуу кымбат баалуу ресторандардын биринде Урмат аттуу уулунун үйлөнүү тоюу өткөнү белгилүү болгон.

“Такталбаган маалыматтар боюнча Урмат аттуу уулу Бишкектеги “Монгол, My Shisha, Social Coffee” кафе, барларына ээлик кылат” деп жазды.

Данияр Үсөнов 2010-жылы апрель революциясынан соң Кыргызстандан чыгып кеткен. Белорусияда жашап жүргөнү белгилүү болгон. Кийин ал  Данил Урицкий деп атын өзгөртүп алганы айтылган. Ал өз кезегинде премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>