Кыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктадыКыргызстанда күн сайын рактан 10го жакын адам каза болот — депутатКыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөтСадыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарЭкономист Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга ШКУ банкы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Кадамжайда “Бахус” рейди өттү
18.11.2022 | 11:42
Кадамжай РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн жана коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери 17-ноябрда “Бахус” аттуу кечки рейд өткөрүштү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейдде жалпысынан 389 унаа текшерилип, анын ичинен 1 мас абалда унаа башкарган, 3 документи жок унаа башкарып жүргөн, 1 айнегин карангылатып алган айдоочулар аныкталды.
“Төрт унаа айып аянтчасына киргизилип, жалпысынан 44 айдоочуга укук бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мыйзам чегинде чара көрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом