Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын жакындары үн катты

Кадамжайда өлтүрүлгөн 14 жаштагы кыздын жакындары үн катты

Кадамжайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 14 жаштагы өспүрүм ата-энесинин жалгыз кызы болгон. Бул тууралуу маркум кыздын атасынын бир тууганы Үсөн Мурзадиллаев билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси миграцияда жүргөнү, кыз кароосуз калганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

“Окуя болжол менен саат 11-12лер чамасында болгон. Ата-энесинин азыркы абалын сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес. Ал үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу. Шектүүлөр коңшу айылдын балдары экени айтылды. Алардын бири үй-бүлөлүү, бала-чакалуу экен. Биз бул суук кабарды милиция кызматкерлеринен уктук. Биз күнөөлүүлөр жазасыз калбай, мыйзам астында жооп беришин талап кылабыз”, — деди Мурзадиллаев.

Ата-энеси каргашалуу окуядан 20 күн мурда Россияга иштегени кеткен. Окуучу кыз таенеси менен жашап жүргөн. Маркум Халмион айыл өкмөтүндөгү Таш-Дөбө айылында 9-класста окучу.

Эки күн мурун 14 жаштагы кыздын сөөгү Кадамжайда сел өтүүчү тоннелдин ичинен колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп,  кыздын өлүмүнө шектүү делип Халмион айыл аймагынын 3 тургуну кармалган.

Президент Садыр Жапаров дагы кайрылуу жасап,  14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш экенин айтып, ишти жеке козөмөлүнө алганын билдирген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>