Жалал-Абадда волейбол боюнча Азия чемпионун тосуп алышты — сүрөт

Жалал-Абадда волейбол боюнча Азия чемпионун тосуп алышты — сүрөт

Бүгүн, 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинде эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогунда 1-орунду ээлеген Кыргызстан курама камандасынын мүчөсү, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын старшинасы Медетбек Эргеш уулун тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Нурбек Сатаров, Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Марат Масиркулов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири Равшанбек Кожобеков жана өздүк курамы катышышты. Анда спортчулардын жетишкен ийгиликтери өлкөбүздүн бардык жарандарын кубантып жаткандыгы белгиленип, 2023-жылы Азия биринчилигин багындыруу каалоолору айтылды.

Белгилей кетсек, эркектер арасындагы Азиянын чакырык кубогу 29-августтан 3-сентярбга чейин Чолпон-Атада болуп өттү. Ага Сауд Аравия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Финалда Сауд Арабияны 2-3 эсебинде Кыргызстан жеңип алган.

Медетбек Эргеш уулу оюндардын жыйынтыгында “Мыкты байланыштыруучу” наамына татыктуу болуп, статуэтка менен сыйланды.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>