Кадыров: Навальныйдын Куранды айтууга моралдык укугу жок

Кадыров: Навальныйдын Куранды айтууга моралдык укугу жок

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун айттымында, оппозициядагы саясатчысы Алексей Навальныйдын Куранды айтууга моралдык укугу жок.

Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

“Хиджап кийген мусулмандарды орто кылымдагы жапайылар деген, мечиттердин салынуусуна каршы акцияларга чыккан адам, бүгүнкү күндө оңой жол менен мусулмандардын көңүлүн бурдуруп, калыбына келгиси келет.

Бул динге каршы адамдын өзүнүн саясий максаттары үчүн Ыйык Жазууларды колдонгусу келгени жана башаламандык уюштуруу үчүн ал жактан сөздөрдү колдоноруу, Европада мурда эле мындай кылып келгени, ашыкча түшүндүрүүсүз эле баарына белгилүү.

Орусиядагы мусулмандардын атынан чагымчылды кармап отурган колониянын кызматкерлерине кайрылам: акыйкаттуу жазасын өтөп жаткан адамга диндер аралык араздашууну жаратууга мүмкүнчүлүк бербегиле!

Эгерде жазасын өтөп жаткан чын дилинен тообо кылып, акыйкат жолуна түшкүсү келсе, Исламды кабыл алып жана Жараткандын сөзүн чын жүрөктөн уккусу келсе (мен күмөн кылган нерсе), анда бул нерсеге мүмкүн. Эгерде андай эмес болсо, анда Куран өзүнүн жаман колдору менен кармай турган китеп эмес.

Мусулман үй-бүлөлөрүндө Куран дайыма сыйлуу жерде, башка китептерден бийикте турат, өсүп келе жаткан муунга улуулар китепке сый мамиле кылууну үйрөтөт.

Ал Куран менен оюна эмне келсе, ошону кылууга мүмкүнчүлүк бере турган адам эмес. Ал душман жана чыккынчы, өз мекенин саткан жана өзүнө көңүл бурдуруу үчүн чагымчыл аракетти жасоого даяр болгон байкуш адам.

Анын Исламга каршы көз карашы, жашоо образында динге туура келе турган эч нерсе жок, айрыкча Исламга. Өзүн сыйлаган мусулман анын айткандарына ишенбейт.

Мындай саткын  куруу сөздүлөр, моралдык баалуулуктарга жана маданият менен динди баалабагандар, чындыктын беткабын кийгендерди жана акылдуу сынгандардын өлкөбүздө көбүн көргөнбүз жана алардын аракеттерин билебиз. Андан көрө камеранын бурчуна туруп, өзүн алып жүргөндү ойлосун. Убакыт жетиштүү”, — деген Рамзан Кадыров.

Белгилей кетсек, Орусиянын оппозициядагы саясатчысы Алексей Навальный өзү кармалып турган Владимир облусундагы No2 түзөтүү колониясын Куран китебин киргизбегени үчүн сотко бергенин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>