Ысык-Көлдөгү сотто 150гө жакын кылмыш жана жарандык иш жоголгон

Ысык-Көлдөгү сотто 150гө жакын кылмыш жана жарандык иш жоголгон

Ысык-Көл райондук сотунда кылмыш иштеринин жоголуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган сотто 150гө жакын кылмыш жана жарандык иш жоголгон. Ага байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) боюнча райондук соттун жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

«Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштер жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон», — деп билдирет УКМК.

Азыркы учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>