Кайсы аймактарда жаан, кар жаайт? 16-мартка чейинки аба ырайы

Кайсы аймактарда жаан, кар жаайт? 16-мартка чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 16-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз жана 13-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаары

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз жана 13-мартта жаан жаашы мүмкүн.

14-15-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Талас облусу

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

13-мартта күндүз жана 14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 13-мартта күндүз жана 14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

11-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн.

13-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

11-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-мартта күндүз жана 13-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 12-мартта күндүз айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

13-мартта күндүз жана 14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

11-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

14-мартта күндүз жана 15-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Нарын облусу

11-12-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт. 13-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

14-16-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-мартта түнкүсүн айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>