Кайсы күндөрү кар жаайт? 25-февралга чейинки аба ырайы

Кайсы күндөрү кар жаайт? 25-февралга чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 25-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал.

19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Бишкек шаары

17-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн.

18-февралда түнкүсүн кар, күндүз жаан, кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. 19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда түнкүсүн жана 18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде катуу жаан-чачын жаашы мүмкүн. 17-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. 19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда түнкүсүн жана 18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 17-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. 19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 17-февралда түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.

19-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

17-18-февралдарда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

17-18-февралда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-февралда түнкүсүн жана 18-февралда түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

19-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

19-февралда күндүз жана 20-23-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

24-25-февралга карата болжолдуу аба ырайы

24-февралда түнкүсүн өлкө аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-февралда түнкүсүн Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>