Ошто айылдык кеңештин депутаты кармалды — видео

Ошто айылдык кеңештин депутаты кармалды — видео

Ош облусунда Тепе-Коргон айылдык кеңешинин депутаты кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Араван районунун аймагынан жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү фактылары аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Такталган боюнча, 479 а контурунда жеке турак-жай куруу үчүн Араван районунун Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн токтомдорунун негизинде 47 жер тилке бөлүнүп, идентификациялык код берилгени аныкталды, анын ичинен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Араван филиалы тарабынан 43 жерге жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар мыйзамсыз түрдө катталган», — деп билдирет УКМК.

Ошол эле учурда, инвентаризациялык тизмеден алынган билдирүүгө ылайык, №479 а контурундагы жер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына кирүүчү «чөп сактоочу жай» катары көрсөтүлгөн.

14-февралда Тепе-Коргон айылдык кеңешинин 43 жаштагы М.А. аттуу депутатынын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, жер тилкелерин берүү боюнча айыл өкмөтүнүн токтомдорунун, жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө токтомдордун түп нускалары, жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актылар, ошондой эле иш үчүн мааниси бар документтер табылып алынган.

15-февралда шектүү тергөө абагына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>