“Мен ГАИ эмесмин, кыйкырбаңыз”. Мадумаров менен Татиковдун айтышы

“Мен ГАИ эмесмин, кыйкырбаңыз”. Мадумаров менен Татиковдун айтышы

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров каржы министринин орун басары Руслан Татиковду мамлекеттик кызматкердин этикасын сактоого үндөдү.

Жыйында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргызстанда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Адахан Мудумаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 141 миң 300 евро өлчөмүндөгү комиссиялык төлөмдү кармап калуу маселесин тактады.

«Эмне үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы комиссияны кармап калат?», — деп суроо узаткан депутат “откат” деген түшүнүк пайда болгонун билдирди.

Министрдин орун басары Руслан Татиков: “откат деп туура эмес айтып жатасыз. Сиз үч жолу депутат, спикер дагы болгонсуз. Насыялардын бардыгы ошол учурда алынган. Алардын шарттарын өзүңүз дагы билесиз”, — деп жооп берди.

Адахан Мадумаров суроосун кайра тактап узатты. Татиков ага: “Мен улууларды урматтайм, бирок сиздин дайыма эле кемсинткениңер туура эмес”, — деп жооп берди.

Татиковго депутат менен айтышпай, суроосуна жооп берүү керектиги боюнча эскертүү берилгенден кийин ал комиссиялык төлөмдү Кыргызстан кредит менен төлөп бере турганын билдирди.

Буга чейин каржы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалында унаа башкарганы үчүн айыпка жыгылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>