Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу 26-декабрда башталат

Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи этабы 26-декабрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

«Билим берүү жана илим министрлигинин “2022/2023-окуу жылына кышкы кабыл алуунун алкагында абитуриенттерди тандоо турларын жана кабыл алууну өткөрүү графиктерин бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди. Ага ылайык, Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи этабы 2022-жылдын 26-декабрынан 31-декабрына чейин жүрөт», — деп айтылат маалыматта.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 26-декабрда башталып, 28-декабрь күнү саат 14:00до аяктайт.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрь күнү саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу: 2022-жылдын 29-31-декабры, саат 16:00.

Кышкы кабыл алуунун экинчи этабы 2023-жылдын 9-январынан 11-январына, үчүнчү этап 16-январдан 18-январга, төртүнчү этап 23-январдан 28-январга чейин созулат.

Кененирээк маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>