Кайсы күндөрү кар жаайт? 3-декабрга чейинки аба ырайы

Кайсы күндөрү кар жаайт? 3-декабрга чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргыстандын аймагында 3-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу:

27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

29-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөнүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда түнкүсүн жана 1-декабрда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Бишкек шары:

27-ноябрда күндүз, 28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт. 1-декабрда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Талас облусу:

Таласта 29-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт.

29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ош облусу:

Ош облусунда 29-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 29-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ош шаары:

Ош шаарында 29-ноябрга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 29-ноябрда күндүз жана 30-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жалал-Абад облусу:

27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-ноябрда түнкүсүн айрым жерлерде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

30-ноябрда жана 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Баткен облусу:

Облус аймагында 27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-ноябрда айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ысык-Көл облусу:

Ысык-Көлдө 27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30-ноябрларда жана 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот.

Нарын облусу:

27-ноябрда күндүз жана 28-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 29-30 ноябрларда жана 1-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

1-декабрда күндүз жаан-чачын күтулбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

2-3-декабрларда Кыргызстанда күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

3-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен, Нарын облустарында жана Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>