Кайсы күндөрү жаан жаайт? 21-апрелге чейинки аба ырайы

Кайсы күндөрү жаан жаайт? 21-апрелге чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 21-апрелге чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 20-апрелде күндүз жана 21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

17-18-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, жаан жааашы ыктымал. 20-апрелде түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусу

17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

17-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

18-апрелде жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

17-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Баткен облусу

17-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 17-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде күндүз жана 19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 19-апрелде күндүз тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

19-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жана 18-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

17-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

18-апрелде түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

19-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-апрелде айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>