Калкты тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү 7 күн иштебейт

Калкты тейлөө борборлору, паспорт бөлүмдөрү 7 күн иштебейт

2024-жылдын 1-7-январь күндөрү республика боюнча бардык калкты тейлөө борборлору (КТБ) жана паспорт бөлүмдөрү иштебейт. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Алар элди 2024-жылдын 8-январынан тарта тейлеп, кадимки режимде иштей баштайт.

Министрлик бүгүн, 29-декабрда, Бишкекте бир нече КТБ сынамык долбоордун алкагында иш алып барарын айтты.

Саат 20:00гө чейин төмөнкү бөлүмдөр иштейт:

Бишкек шаарындагы Жибек Жолу пр., 381;

Нуркамал Жетишкаева көч., 29.

30-декабрда саат 10:00дөн 19:00гө чейин жана 31-декабрда 10:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректегилер иштейт:

«Азия Молл» соода борборундагы (Ч.Айтматов пр., 3) бөлүм;

«Глобус» гипермаркетиндеги (Чүй пр., ЖЭБдин каршысында) бөлүм.

Бүгүн республика боюнча 36 ири жана 5 кичи Калкты тейлөө борбору иштеп жатат.

«Бишкек жана Ош шаарларында Early One тиркемеси аркылуу онлайн-кезекке жазылса болот. Ошондой эле Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталында жана «Түндүк» тиркемесинде 150дөн ашык кызматты телефонуңуздан түз ала аласыз», — деп айтышты министрликтен.

Калкты тейлөө борборуна келүүдөн мурда 119 номери аркылуу кеп-кеңеш алып, жаралган суроону тактап алууну эскертишти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>