Калың карды жиреп мектепке бараткан мугалимдердин видеосу тарады

Калың карды жиреп мектепке бараткан мугалимдердин видеосу тарады

Социалдык тармактарга Ысык-Көлдөгү мектептердин биринин мугалимдери калың жааган карды жиреп жумушуна бараткан видеосу тарады.

Белгилүү болгондой, видеодо — Жыргалаң айылындагы Т.Асанбаев атындагы орто мектебинин мугалимдери Дамира Султанбаева менен Бактыгул Дадакеева. Тасма 20-февралда мугалимдер мектепке баратканда тартылган. Ал күнү катуу бороон болуп, техниканын жетишсиздигинен көчөлөр толук тазаланган эмес. Ага карабастан мугалимдер жумушка толук чыккан.

«Т.Асанбаев атындагы орто мектепте 163 окуучу билим алат. Мектепте от жагылып, жылуу болгондуктан сабактар кадимки режимде өтүлүүдө», — деп билдирет Билим берүү министрлиги.

Министр Догдуркүл Кендирбева аба ырайынын катаал шартына карабастан, сабагын үзгүлтүккө учуратпоо үчүн кар жиреп мектепке барган мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>