ЖКККББнын кызматкерлери жана автомектептин директору кармалды

ЖКККББнын кызматкерлери жана автомектептин директору кармалды

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акчалай сыйлык алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-февралда  УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акча каражаттарын алуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ЖКККББнын кызматкерлери К.К.А., Н.А.О., ошондой эле автомектептин директору И.М.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жогоруда аталган кызмат адамдары автотранспорт каражаттарына газ баллондук жабдууларды орнотууга уруксат сертификатын тариздөөдө жарандардан мыйзамсыз акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзгөндүгү такталды.

Учурда УКМК тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн жогоруда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>