Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Камактан качкан 26 жаштагы жаран кармалды
01.07.2019 | 14:48
Бишкектеги Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милиция бөлүмүнөн качып кеткен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, шектүү Э.Б. аттуу жаран 30-июндан 1-июлга караган түнү Ош базардын аймагынан кармалган. Ал Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эскерте кетсек, шектүү Баткен облусундагы Лейлек районунун 26 жаштагы тургуну. Ал 27-июнда саат 15:00 чамасында Биринчи Май РИИБинин №5 шаардык милициянын бөлүмүнөн качып кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар