«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча Казакстан менен сүйлөшүү болду

«Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча  Казакстан менен сүйлөшүү болду

17-декабрда Кыргызстанга «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КТРК берген маегинде билдирди.

Ал, «Казакстандагы эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү «Камбарата-1» ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келе жатышат. Өзбекстан өкмөтү менен «Камбар-Ата-1дин» ТЭО (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштеп чыгып жатабыз. Казакстандык кесиптештер келсе алар менен дагы ТЭОлордун баарын иштеп чыгып, бир финансылык моделге келебиз, эмдиги жылдан тарта кура баштайбыз. Акчаны ким, кантип таап келет, үлүшү канча болот муну биз карап жатабыз. Кайсы принциптер менен курулат, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан тарапта эмне болот дегенди президенттер өздөрү ич ара чечип алса болот. Биздеги болгон ресурсту чогуу пайдаланышыбыз керек экенин быйылкы жай көрсөттү. Суу аябай тартыш болду, аны бүт мамлекеттер түшүндү. Биз Нарын суусу, кийин Сырдарыя болуп өтүп кеткен суунун 1,5% эле өзүбүзгө колдонобуз. Калган суунун бардыгын кошуналар колдонот. Ошондуктан алар дагы өз ыктыярлары менен кошо иштешели деп жатат. Биз ошол долбоорду эмдиги жылы жылдырабыз» — деди Жапаров.

«Камбар-Ата–1» ГЭСи Нарын дарыясынын жогорку жагында Жалал-Абад облусунун аймагында курулуп калышы мүмкүн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>