Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өткөрдү

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өткөрдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 21-октябрда Баткен облусунун мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде Ташиев абалды турукташтыруу боюнча ар тараптуу чараларды көрүп, кыргыз-тажик чек арасында чырга жол бербөө керектигин белгилеген.

«Чек ара жана ага жакын аймактарда чыккан бардык көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү аркылуу саясий-дипломатиялык жол менен чечүү зарыл. Чек ара маселелери эки мамлекеттин кызыкчылыктарына тиешелүү болгондуктан чиновниктер, жөнөкөй жарандар чек арадагы абалдын ырбашына алып келе турган ойлонуштурулбаган билдирүүлөрдү жасабашы керек. Бүгүнкү күнү баарыбызга – Кыргызстанга да, Тажикстанга да тынчтык жана туруктуулук, мамлекеттердин өнүгүшү зарыл», — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Баткен облусунун жетекчилигине тажик тарап менен өз ара иш-аракеттерди күчөтүү жана бекемдөө тапшырмасын койгон.

«Чек ара мекемелери, укук коргоо жана тиешелүү органдардын өз ара иш-аракеттеринде чыккан бардык маселелерди дароо чечишиңиздер кажет», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев Баткендин күч түзүмдөрү менен мамлекеттик органдарынын жетекчилери кабыл алынган чечимдерди аткарбаса, жеке жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>