Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болду

Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болду

Канат Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп шайланганын Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн шайлоо өтүп, Абдрахматов жалгыз талапкер болгон. 15-ноябрдан бери ал академиянын президентинин милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат.
Ага чейин 2017-жылдан бери Мурат Жуматаев Улуттук илимдер академиясын жетектеп келген.

Абдрахматов 69 жашта, ал Ысык-Көл облусунда туулган. Буга чейин ал Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтун жетектеп келген.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, академиянын жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, бийлик илим, билим, инновация багыттарын артыкчылыктуу багыт катары карап, алардын экономиканын кыймылдаткычына айланышы үчүн иш алып бармакчы.

«Илимге бөлүнгөн каражат аз экени талашсыз, тилекке каршы, эгемендүүлүк алган 30 жылдыкта илимге көңүл бурулбай калды», — деди Жапаров.

Анын айтымында, Улуттук илимдер академиясына былтыр 311,5 миллион сом, быйыл 479,2 миллион сом бөлүнгөн. 2023-жылга 524,4 млн сом каралган. Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы академиянын төрт-беш приоритеттүү багыттарын аныктоо, жаш окумуштууларды (45 жашка чейин) тартуу жана колдоо, патенттөөдөгү активдүүлүктү жогорулатуу, эскирген лабораторияларды толугу менен жаңыртуу жана акчанын кайтарылышын камсыздоо боюнча иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>