Канатбек Исаев: «Бишкек ЭЭАнын» кызматкерлеринин санын кыскартуу керек

Канатбек Исаев: «Бишкек ЭЭАнын» кызматкерлеринин санын кыскартуу керек

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында «Бишкек» эркин экономикалык аймак (СЭЗБишкек) тууралуу маселе каралууда.

Анда депутат Канатбек Исаев Бишкек ЭЭАнын кызматкерлеринин саны негизсиз көтөрүлүп жатканын билдирди.

«Штатты 100 кызматкерге чейин кыскартуу керек. Мисалы, алар 50-60 миңден айлык алып иштешүүдө, ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары 30 миңдин тегерегинде маяна алабыз.

Мага жеткен маалыматтар боюнча каза болгон адамдарга да 30-40 миң сом төлөнөт экен. Кадрлар негизсиз көбөйдү. Өкмөт капиталдык салымдар керекпи же жокпу, текшербейт. Мурдагы экономика министрлеринин орун басарлары кеминде 100 адамды кызматтан кетирүүгө мүмкүн дешти. Ошондой эле, ЭЭАнын директору курулуш материалдарын өзүнүн туугандарынан тендерсиз эле сатып алган деген маалыматтар бар ”, — деди Канатбек Исаев.

Буга ЭЭАнын директору Дүйшөн Ирсалиев жооп берип, аппаратта 45 адам иштесе, калгандары жөнөкөй жумушчулар болгон.

«Биз кызматкерлердин санын кыскартууну көздөп жатабыз. Калгандары — жумушчулар, слесарлар, тазалоочулар жана башка кызматкерлер. Биз аларды кандайча кыскартабыз?», — деди Дүйшөн Ирсалиев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>