Интернет колдонуучулары Абылгазиевдин дипломду кантип алганына баш катырышууда

Интернет колдонуучулары Абылгазиевдин дипломду кантип алганына баш катырышууда

Айбек Хакимов аттуу “Фейсбук” колдонуучусу Кыргызстан Эл аралык университетинин 1997-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жок болгондугун жазып чыкты.

“Абылгазиевдин өмүр баянында ал 1997-жылы Кыргызстан Эл аралык университетинин бизнес жана экономика факультетин бүтүргөн деп жазылыптыр. Окуу жай 1993-жылы ачылып, 1997-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөрү окууну аяктаган. Мен ошол бизнес жана экономика факультетинин алгачкы 60 бүтүрүүчүсүнүн биримин. Мен студенттерге башчылык болгондуктан баарын эстей алам. Студенттердин арасында Абылгазиев жок болчу. Мен башка курсташтарымдан сурадым, алар дагы Абылгазиевди эстей алышкан жок. Сырттан окуу бөлүмдө да болгон эмес. Таң калычтуу, Абылгазиев анда Эл аралыкуниверситеттин дипломун кантип алды?  Биздин өлкөдө баарын күтсө болот”, – деп жазган ал.

Өкмөттүн басма сөз кызматы бул тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>