Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Ошто индиялык студент Ак-Буура дарыясына агып, каза болду
29.05.2020 | 11:09
Ош шаарында индиялык студент Ак-Буура дарыясына агып кетип каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, студент 29-май күнү түнкү саат 3:00 чамасында агып кеткен. Издөө иштеринен кийин анын сөөгү эртең менен саат 9:30да табылган.
Учурда маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалган. Алдын ала маалыматтар боюнча чет өлкөлүк жаран достору менен спирт ичимдигин ичип алып, сууга мас абалында түшкөн.
Ал медициналык окуу жайда 3-курста окуп жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар