Кантта бычак жеген адамга милиционер жардам көрсөткөн

Кантта бычак жеген адамга милиционер жардам көрсөткөн

Кант шаарында жаранды бычак менен сайып салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 22-декабрга караган түнү Кант шаарынын мэриясын кайтарып турган кенже сержант Ийгилик Каныбеков айлана-тегерекке кароо жүргүзүп жатып, тротуарда башын жерге салып, эңкейип келе жаткан адамды байкап калган. Ошол учурда милицияны көргөн адам «мени бычак менен сайып салды» деп кыйкырып, жерге отура калган.

Милиция кызматкери бычак жеген адамдын жанына барып, ага биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Окуянын чоо-жайын тактап, кармоо тобуна кабар берген. Жерине келген милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Н.Т. уулу аттуу жаранды кармаган.

Шектүү Ысык-Ата райондук милициясына жеткирилген. Ал эми бычактан жараат алган 34 жаштагы жарандын ичинен кан агып жаткандыктан, милиция кызматкерлери тез жардамды күтпөстөн аны ооруканага жеткирген.

Жолдо баратканда, жабыркаган адам курулуш тармагында иштей турганын, Кантка иштегени келгендигин билдирген. Анын айтымында, ошол күнү алар тааныштары менен ичимдик ичип отурганда Н. аттуу жаран эт кесип жаткан бычак менен эч себепсиз ичине сайып салган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тэги: ИИМ КАНТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>