Акыйкатчы Европарламенттин депутаттары менен жолугушту

Акыйкатчы Европарламенттин депутаттары менен жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Европарламенттин депутаттары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Жолугушууда адам укуктары жаатында бир катар маселелер талкууланган. Жаманбаева Акыйкатчы институту демократияны чыңдоого, адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоого умтулуп жатканын белгилеп өттү.

“Институт  адам укуктары жана эркиндиктери жаатында зарыл болгон чараларды ишке ашыруу үчүн колунан келген күч-аракетин жумшайт. Алдыга койгон милдеттерди аткарыш үчүн сөзсүз түрдө биздин институтту күчтөндүрүп жана чыңдоо зарыл. Бул багыттагы алгачкы кадамдар ишке ашып жатат, “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мындай мыйзам кабыл алына турган болсо институттун көз карандысыздыгы күчөтүлөт жана анын мандаты кеңейтилет. Азыркы учурда мыйзам долбоору КРнын парламентинин кароосунда турат

Биз Европа биримдиги менен келечекте жакшы жыйынтыктарды алып келе турган жана биздин жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөк бере турган баардык тармактарда өз ара активдүү кызматташуу жана тажырыйба алмашууга даярбыз. Биз Европа биримдигинин муктаждарга гуманитардык көмөк көрсөтүү боюнча аракеттерин жогору баалайбыз”, — деди ал.

Европарламенттин депутаты Томаш Здеховский адам укуктары жана эркиндиктери жаатында диалогду улантуунун маанилүү экендигине ишенээрин билдирди.

“Кыргызстан Борбор Азияда демократиялык принциптерди илгерилетүү боюнча алдыңкы позицияны ээлейт. Буга байланыштуу биз сиздер менен көбүрөөк кызматташууга даярбыз. Анткени жакшы жыйынтыктарды көргүбүз келет. Акыйкатчы болуу кыйын жана ар бир эле адам мындай жоопкерчиликти алып кете албашы мүмкүн. Биз сиздердин институт адам укуктарын коргоо жаатында маанилүү кадамдарды кабыл алып жатканын көрүп жатабыз. Көп учурларда соккуларды өзүңүзгө кабыл алып жатасыз. Биз мындан ары да бул багытта күчтөнүп иштейсиз го деген ниеттебиз. “Демократия маалында уктап калсак, автократияда ойгонушубуз мүмкүн” деп коюшат эмеспи. Сиздердин элчинин аракети менен биз Кыргызстан жөнүндө жакшы билебиз. Биз сиздер менен байланышта болууга жана диалогду улантууга даярбыз”, — деди Томаш Здеховский.

Жолугушуу маалында тараптар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, ошондой эле укук коргоо механизмдерин изилдөө боюнча эл аралык тажрыйбаларды алмашуу боюнча кызматташтыктын маанилүү экендигин белгилешкен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>