Канттагы адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы боюнча мас айдоочу кармалды

Чүйдүн Кант шаарындагы адам өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу 29 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Окуя кечээ, 21-майдын кечинде болгон. Анда айдоочу «Mercedes-Benz S-Class» үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, башкарууну жоготуп, натыйжада имаратты сүзгөн. Кагылышуудан кийин унаа өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги бир адам каза таап, айдоочу жана башка эки жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жаткырылышкан.
Чүй милициясы текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айдоочу А.А. кырсык учурунда мас абалында болгондугу аныкталганын билдирди.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.