Касымалиев Бердымухамедов менен жолугушту: энергетика жана транспорт артыкчылыктуу багыт катары белгиленди

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 22-майда Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуу Түркмөнстандын борборунда өтүп жаткан КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.
Тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө басым жасоо менен кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эң актуалдуу маселелерин талкуулашты. Стратегиялык маанилүү тармактар болгон энергетика жана транспорт чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык алмашууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Баарлашуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Сердар Бердымухамедовго президент Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын жана жакшы тилектерин жолдоду. Жолугушуунун катышуучулары өнөктөштүктү андан ары тереңдетүүгө жана эки элдин бакубаттуулугу үчүн биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.