Каныкей Стамалиева көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын коло медалын утту

26.05.2026 | 17:22
Каныкей Стамалиева көркөм гимнастика боюнча чемпионатта

Бишкек шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатынын жыйынтыктоочу күнүндө кыргызстандык спортчу Каныкей Стамалиева тасма менен көнүгүү жасоо программасы боюнча коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Көркөм гимнастика федерациясы билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчуну машыктыруучулар Сабина Ибраимова жана Аделина Шаяхметова даярдаган. Белгилей кетсек, 2025-жылы Сингапурда өткөн Азия чемпионатында Каныкей Стамалиева аталган спорт түрү боюнча төртүнчү орунду ээлеген.

Көркөм гимнастика боюнча континенттик биринчилик Бишкектеги «Жаштык» спорттук комплексинде 23-майдан 26-майга чейин өттү. Кыргызстан өз тарыхында мындай масштабдагы мелдешти биринчи жолу өткөрдү. Гимнастика федерациясы бул турнир катышуучу өлкөлөрдүн саны боюнча Азия гимнастика союзунун мелдештеринин ичинен эң ириси болуп калганын билдиришти.

Мелдешке 19 өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышты. Турнирдин алкагында 2026-жылы Японияда өтө турган Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына лицензиялар бөлүштүрүлдү.

Scroll to Top