Кара-Балта-Бишкек жолунда кишини өлтүрө сүздү

Кара-Балта-Бишкек жолунда кишини өлтүрө сүздү

Кара-Балта- Бишкек жолундагы Новоникалаевка айылындагы чоң жолдон кишини өлтүрө сүздү. Бул туурасында “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 9-декабрда саат 07:45 чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу жеринде каза тапкан.

«Кара-Балта шаарынан Бишкекке бара жатканбыз. Жолду туман каптап турган. Новоникалаевка айылындагы бетон тосмонун жанында бир адамдын сөөгү жатканын көрдүк. Ал жерде көптөгөн унаалар да токтоп турат. Ошондой эле жол кайгуул кызматкерлери жүрүшөт. Айрым маалыматтарга караганда, катуу ылдамдыкта бара жаткан бусик жөө жүргүнчүнү ыргыта сүзгөн. Ал ошол жерде каза тапкан. Каза болгон адам 50 чамасындагы эркек жаран», — деди күбөлөр.

Учурда жол кайгуул кызматы тарабынан маркумдун өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>