Кара-Балта шаарында 24 жаштагы бала ур-токмоктон каза тапты

Кара-Балта шаарында 24 жаштагы бала ур-токмоктон каза тапты

Кара-Балта шаарынын Жайыл районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 24 жаштагы тургун денесинен оор жаракаты менен түшкөн. 19-октябрь күнү жабырлануучу Ж.М.  алган оор  жаракатынан улам бейтапканада каза тапкан. Бул туурасында Reporter.kg′ге Чүй облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын ыкчам аракетинен 24 жаштагы  А.И кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, райондук сот эки айга камакка алган.

Өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы бир 31 жаштагы Т.В.га сыртынан кылмыш иш козголуп, издөө жарыяланган.

Иликтөө иштери жүрүүдө.

Алып баруучу Ассоль Молдокматова социалдык тармактарга жазгандай, Кара-Балта шаарында каза болгон Ислам 11-12-октябрга караган түнү кафелердин бирине келген. Ал өзү бийчи болчу. Кафенин ээси менен эшикке чыгып кеткен. Андан бир нерсени шектенген кызы баланын каршылык көрсөткөнүн көргөн. Ошол түнү ур-токмоктон, ооруканадан көз жумган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>