Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

Өлкө аймагында жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

3-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде кар жаайт.

4-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

5-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаайт.

5-ноябрда күндүз жана 6-8-ноябрда жаан-чачын болбойт.

5-6-ноябрда айрым жерлерде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 4-ноябрда айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең, 3-ноябрда  күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоо этектеринде, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Талас жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,

Нарын жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 6…11,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8°.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>