Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Өзбекстанга баратИран АКШ менен болгон келишимдин чоо-жайын маалымдадыСадыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна старт берди15-июнь: Кыргызстанда абанын температурасы +38°C чейин көтөрүлөт, аптаптуу ысык жана күн күркүрөшү күтүлөтВенчурдук каржылоо. Стартаптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?Министрлер кабинетинин төрагасы Балыкчыдагы шаардык ооруканага барып, бир катар тапшырмаларды берди
Кара-Дарыяда суу көтөрүлүп, эгин аянттарды каптады
22.05.2024 | 19:00
Кара-Дарыяда суунун көлөмү көтөрүлүп, Сузак районундагы бир нече аймакты каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ага Кемпир-Абад суу сактагычынан суу коё берилгендиги себеп болгон.
Көк-Арт жана Чаңгет-Сай сууларын кошкондо дарыянын деңгээли 330-340 м3/сек. көлөмгө чейин жетти. Арал айылындагы суу тосмолорду жарып, Бостон, Питомник, Аэропорт жана Кундузчу тилкелеринин 110 гектардан ашуун күрүч, эгин аянттарын сел алып, 200 жакын турак жайга кооптуулук жаралды.
Учурда дарыянын оң жээгин бекемдөө аракети көрүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом