Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Кара-Кечеден августтан тарта көмүр ташыла баштайт
29.07.2022 | 19:51
Август айынын башталышы менен көмүр ташыла баштайт. Бул туралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Мааламытка караганда, азыркы учурда Кара-Кече көмүр кенинде 150 миң тонна көмүр ачылып, даяр турат. Августтун башынан баштап жеке көмүр ташыган айдоочулар Кыргызстандын түндүк регионуна көмүр ташып башташат. Ал калкка, Бишкек шаардык ЖЭБна берилет. Мекендештерибиз көмүрдү өлкөнүн түндүгүндөгү кампалардан сатып алса болот.
Эске сала кетсек, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 1450 сомду түзөт. (Аталган баа монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан коюлган).
Учурда Кыргызкөмүрдүн кызматкерлери кыргыз элин көмүр менен камсыз кылуу үчүн күнү-түнү иш аракеттерди жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар