Кара-Кулжада имамдын эки кабаттуу үйү, унаасы өрттөнүп, өзү жараат алды

Кара-Кулжада имамдын эки кабаттуу үйү, унаасы өрттөнүп, өзү жараат алды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө мечиттин имамына таандык эки кабаттуу үй өрттөнүп, унаасы күйүп кетти. Тилсиз жоодон улам имам дагы жаракат алган.

Муфтияттын маалыматына караганда, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, орун басары Алибек ажы Жусупов, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров баштаган дин кызматкерлери Кара-Кулжа районуна барышып, тилсиз жоодон жабыр тарткан имамга жолугушту.

Ош облустук казыяты тарабынан үйү толугу менен күйүп кеткен Таабалды Алибековго материалдык жардам көрсөтүлдү.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кара-Кулжа айылында аянты 232 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен, жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын чатыры 108 чарчы метр жана “Daewoo Nexia” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Имам

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>