Депутаттар Казакстандагы конституциялык референдумга мониторинг жүргүзүүдө

Депутаттар Казакстандагы конституциялык референдумга мониторинг жүргүзүүдө

Жогорку Кеңештин депутаттары 2022-жылдын 3-июнунан 6-июнуна чейин Казакстандын Нур-Султан шаарында Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумдун жүрүшүнө мониторинг кылуу үчүн жумушчу сапар менен болушууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Бахридин Шабазов Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) Парламенттер аралык ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобуна, ал эми депутат Элмурза Сатыбалдиев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблеясынын эл аралык байкоочулар тобуна кирет.

Маалымат үчүн:

2022-жылдын 5-майында Казакстандын президенти К.Токаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Казакстанда 2022-жылдын 5-июнунда референдум өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>