Кара-Сууда 14 жаштагы кызды ала качкандар камакка алынды — сүрөт

Кара-Сууда 14 жаштагы кызды ала качкандар камакка алынды — сүрөт

Кара-Суу районунда ала качуу фактысы менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

«Үстүбүздөгү жылдын 26-январында саат 22:30 чамасында, Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан “Кылым-Ордо” аталышындагы чайкананын алдынан, Кара-Суу шаарынын тургуну 14 жаштагы Н. Н., аттуу жаранды (кыз бала) никеге туруу максатында Кара-Суу районунун тургуну 25 жаштагы И уулу Б., аттуу жаран өзүнүн айылдаш 3 досу менен, “Дэу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасына салып, Талдык айылындагы үйүнө алып качкандыгы аныкталган», — деп маалымдайт Ош облустук милициясы.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын өздүгү такталып, тергөө башталган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, Н.Н., аттуу жарандын денесинде жарааты бар же жоктугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары И.уулуБ., М. уулу У., А.С., жана О. уулу А., аттуу жарандар кармалып, аларга Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тэги: ала качуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>