Кара-Сууда индустриалдык-логистикалык парк салынууда (сүрөт)

Кара-Сууда индустриалдык-логистикалык парк салынууда (сүрөт)

Жакынкы арада Ош облусунда ири индустриалдык-логистикалык парк ишке кирет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаров жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районунда курулуп жаткан «ЕвроАзия ГРУПП» индустриалдык-логистикалык паркына барган.

Белгилүү болгондой,  аталган парк 5 гектар жерге салынууда. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70% га аяктап калган.

Быйыл IV кварталда 800 жумуш орундуу жана жылына 2,1 млн даана кийим тиккен фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 млн долларга бааланган. Анда тигилген кийим-кече негизинен экспортко чыгарылат.

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздап, күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Фабриканы салууга 18 млн доллар жумшалат.

«Күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан тарта иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 милн долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү бийликке фабриканын өндүрүштүк муктаждыктары үчүн кошумча жер тилкесин бөлүп берүү маселесин карап чыгуу тапшырган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>