Өкмөт башчысы Улуттук онкология борборунун поликлиникасына күтүүсүз текшерүү жүргүздүДепутат балдардын оюн-зоок борборлорунда медкызматкерлер болушун талап кылдыБаткенде зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иштери жүрүүдөСадыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүн коопсуздук боюнча ачык диалогго чакырдыУлуттук банктын аудити үчүн $300 миң. Эмне үчүн текшерүүнү эл аралык компаниялар жүргүзөт?АКШ Орусияга каршы Кытай менен достошкусу келет – улуттук коопсуздук маселелери боюнча эксперт
Кара-Сууда катуу жааган жандан мектеп жана бала бакчаны суу каптады
09.05.2021 | 09:46
Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан мектеп менен бала бакчаны суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, 8-май күнү каттуу жааган жандын кесепетинен Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында сел суулары жүрүп болжол менен 20 турак үйдүн, 1 мектептин, 1 бала бакчанын короолорун жана 6 турак үйдүн ичин каптаган. Ошондой эле Мады айыл аймагынын Кыргызчек айылында сел суулары жүрүп турак үйлөрдү каптаган.
Жерине ӨКМнин Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана 13 куткаруучу тартылып, бүгүн, 9-майда аба-ырайы турукташканга байланыштуу тактоо жана тазалоо иш-чаралары башталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар