Мектеп директорлорунун, ЖОЖдун окутуучуларынын айлыгы көтөрүлөт

Мектеп директорлорунун, ЖОЖдун окутуучуларынын айлыгы көтөрүлөт

1-сентябрдан тарта мектеп директорлорунун айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегиясынын жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы мугалимдердин маянасы көтөрүлгөн, анын ичинде аны төлөөнүн системасы толугу менен кайра каралган.

«Ушул жылдын сентябрь айынан баштап директорлордун, завучтардын, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгек акысын көтөрүүнү пландап жатабыз. Бирок, эмгек акынын жогорулашы билим берүүнүн сапатына кандай таасирин тийгизерин билүү абдан маанилүү. Билим берүү тармагына 2023-жылы 60,9 миллиард сом каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 миллиардга көп”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал мектепке чейинки билим берүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

«Бакчага барган бала мектепке чейинки мекемеге барбаган балага караганда белгилерди жана символдорду көбүрөөк билет. «Өкмөттүн акселераторлору» долбоорунун алкагында 5 миңден ашык бала бакчага тартылганы жакшы жыйынтыктарды берди», — деди өкмөт башчы.

Министрлер кабинетинин төрагасы билим берүүнүн сапаты тууралуу маселеге токтолду.

«Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын масштабдуу инвентаризациялоонун бир бөлүгү болуп саналат. Буга чейинки “Билим берүү жөнүндө” мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Акыркы жыйырма жылдын ичинде дүйнө өзгөрдү, өлкө өзгөрдү, адамдар өзгөрдү. Жасалма интеллект пайда болду, заманбап адам тез ойлонуп, чечим кабыл алууга, ийкемдүү ой жүгүртүүгө, чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө муктаж. Билим берүү мыйзамын кайра карап чыгуу учурдун талабы», — деди А.Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>