Кара-Сууда жол салууда мыйзам бузуу аныкталып, инженер кармалды

Кара-Сууда жол салууда мыйзам бузуу аныкталып, инженер кармалды

Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги айланма жолун оңдоодо коррупциялык иштер аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргыз автожол» мамлекеттик мекемесинин №21 жол тейлөө ишканасы жана В.С.Л. ЖЧКсынын кызмат адамдары тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында аткарылган иштердин актыларында иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальттар да кабыл алынган.  Ошондой эле асфальт төшөө боюнча иштерди жогорулатылган баада жазышканы жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар бузулуп кеткени аныкталган.

Натыйжада мамлекетке 2 миллион 683 миң 786 сомдук зыян келтирилгены айтылды. Аталган факт боюнча Ош облусунун прокуратурасы  «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш ишин козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>